Кыргызстанда баалардын өсүшү боюнча Ысык-Көл облусу алдыда

Экономика Загрузка... 13 Март 2026 18:52
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.58.56.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-февраль айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы өсүшү өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 1,9 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, жыл башынан бери товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүндө кымбаттоо байкалган. Алсак:

  • калкка көрсөтүлүүчү кызматтар 3,6 пайызга;
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 2,2 пайызга;
  • тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 2,1 пайызга;
  • азык-түлүк эмес товарлар 0,4 пайызга.

Керектөө бааларынын өсүшү республиканын бардык аймактарында катталды.

Эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда байкалып, баалар 4,2 пайызга чейин көтөрүлгөн. Бул аймакта кызмат көрсөтүү тарифтеринин 12,1 пайызга жана алкоголь менен тамеки продукциясынын 5,8 пайызга кымбатташы негизги себеп болду.

Ал эми Ош облусунда тамак-аш азыктарынын (3,5 пайыз) жана азык-түлүк эмес товарлардын (3,3 пайыз) баасы башка аймактарга салыштырмалуу көбүрөөк өскөнү аныкталды.