Кыргызстанда акыркы 5 жылда 141 тонна алтын казып алынды

Экономика Загрузка... 09 Март 2026 12:07
7.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 млрд сом салык жана төлөмдөр түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы түшүүлөр 65,4 млрд сомду түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти.

"2021-2025-жылдар аралыгында казып алынган алтындын жалпы көлөмү 141 тоннага жетип, жылдык өндүрүш 26 тоннага чейин жогорулады. Мындан тышкары, өлкөдө жыл сайын орточо 4 млн тоннага жакын көмүр казып алынууда", - деди ал.