Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Япония өкмөтү жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 4,5 млн долларлык долбоорду ишке киргизди.
Ведомстводон маалымдашкандай, Япония тарабынан каржыланган бул демилге климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоордун алкагында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 17 миң чакан фермерге колдоо көрсөтүлөт. Натыйжада азык-түлүк коопсуздугу жакшыртылат, суу жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу колго алынат. Ошондой эле фермерлердин жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн айыл чарба кооперативдери чыңдалып, мөмө-жемиш жана жашылча кластерлери өнүктүрүлөт.
Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев бул кадам чакан фермерлердин кирешесин жогорулатууга жана өлкөнүн экспорттук дараметин арттырууга өбөлгө болорун белгиледи. Долбоор Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) техникалык колдоосу менен ишке ашат.
Бул демилге дыйкандарды:
- жогорку сапаттагы көчөттөр;
- тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган климаттык шарттарга туруктуу күнөскана инфраструктурасы;
- суу резервуарлары;
- органикалык компостторду өндүрүүчү жайлары;
- түшүм жыйноодон кийинки жоготууларды азайтуу үчүн чакан сактоочу жайлары менен камсыз кылат.
Ошондой эле фермерлерге төмөнкү окуттулар өткөрүлөт:
- айыл чарбасын жүргүзүүдө климаттык шарттарды эске алуу;
- түшүм жыйноодон кийинки башкаруу;
- кооперативдерди жана финансыларды башкаруу.