Кыргызстанда 31-августка карата 60ка жакын жаңы ишкана ишке кирет

Экономика Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 19:15
77777_pQgTmqR.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандагы иш сапарында алган тажрыйбанын негизинде долбоорлорду коштоо боюнча жаңы ыкма колдонулуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда курулуп жаткан жана иштеп жаткан ишканалар жетекчилерге, министрлер бекитилип берет. Бул тажрыйба Кыргызстанда да киргизилген.

“Ар бир министрликке багытына жараша 5-6дан жана айрымдарына андан да көп ишкана берилди. Мен жер-жерлерге барганда иш жеринен кабар алып, сурап турам. Бул жакшы натыйжасын берүүдө”, - деди Касымалиев.

Ал белгилегендей, акыркы эки жыл ичинде инвестициялык долбоорлордун эсебинен 20 миңге жакын жумуш орду түзүлүп, былтыркы инвестиция көлөмү 2,6 млрд сомго көбөйгөн. Ошондой эле быйыл 31-августка карата 60ка жакын ишкананы ишке киргизүү пландалууда.