Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 15 товардык биржа каттоодон өткөн. Алардын ичинен “Кыргыз фондулук биржа” ААК мамлекетке таандык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Мыктыбек Абиров билдирди.
Анын айтымында, “Кыргыз фондулук биржа” ААКнын акцияларынын 62%ы Финансы министрлигине таандык.
“Азыркы учурда “Кепилдик фонд” ишканасынын кепилдик көлөмү жана шарттары так аныктала элек. Ар бир товардык биржа кепилдик суммасын өзү аныктайт”,-деди ал.