Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан 152,8 тонна бал экспорттолду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, экспорттун жалпы көлөмү 37,3 млн сомду же 426,6 миң долларды түздү.
"Бул көрсөткүч ата мекендик балдын тышкы рыноктогу суроо-талабы жогорулап жатканын жана кыргыз балчыларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айгинелейт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 78 тоннадан ашык бал көп экспорттолду. Кыргыз балы сапаты жана экологиялык тазалыгы менен эл аралык рынокто өз ордун бекемдеп, чет өлкөлүк керектөөчүлөр арасында кызыгууну арттырууда. Эң көп көлөмдөгү экспорт Өзбекстанга жөнөтүлгөн.
Министрлик бал өндүрүүчүлөрдү ар тараптуу колдоону күчөтүп, ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча системалуу иштерди мындан ары да улантат. Ошондой эле сапат стандарттарын өркүндөтүү, жаңы рынокторду өздөштүрүү жана кыргыз балчылыгынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.