Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин
"Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 26-жыйынына катышканы турам.
Алдыдагы бул сапар менин кереметтүү кыргыз жерине үчүнчү ирет келишим. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен биргеликте кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы, масштабдуу багыттарын белгилеп, Шанхай кызматташтык уюмунун тагдырлаш коомчулугун курууну жаңы деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатам.
Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө 35 жыл толуп отурат. Кытай өкмөтүнүн жана элинин атынан достук мамиледеги кыргыз элине чын жүрөктөн куттуктоомду жана эң жакшы каалоолорумду жолдойм. Кытай өзүнүн жакын коңшусу болгон, саясий туруктуулук, экономикалык өнүгүү жана жарандык коомдогу ынтымак өкүм сүргөн Кыргызстан үчүн ар дайым чын дилинен кубанат.

Кытай менен Кыргызстан жакын коңшулар, ишенимдүү өнөктөштөр жана чын ыкластуу достор. Бизди тагдырдын биримдиги гана эмес, жалпы өнүгүү жана гүлдөп-өсүү максаты да бекем байланыштырып турат. Эки элдин достук байланыштарынын тамыры терең тарыхка барып такалат жана муундан-муунга өтүп келет. Буга Улуу Жибек жолу күбө. Кытайда жана Кыргызстанда Чжан Цянь, Сюаньцзан, Ли Бо сыяктуу көрүнүктүү инсандардын эки цивилизациянын өз ара байышына кошкон салымы тууралуу жакшы эскерүүлөр бүгүнкү күнгө чейин сакталууда.
Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Кытай менен Кыргызстан өз ара урматтоо, жакшы коңшулук, достук, бири-биринен тажрыйба алуу жана өз ара пайда алып келген принциптерге бекем карманып, ишенимди жана кызматташтыкты тынымсыз чыңдап келет. Эки тараптын мамилелери эл аралык өзгөрүүлөрдүн жана туруксуздуктун сыноосунан өтүп, тарыхый бурулуш жасады. “Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге” кол коюудан тартып, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүүгө, андан ары жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин көтөрүлдү. Мунун баары эки тараптуу мамилелерге жаңы дем жана мазмун берет.
2025-жылдын февраль айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров экөөбүз жаңы доордогу кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик. Ошондой эле жакын коңшулук, достук жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүүнүн негизинде Кыргызстан менен Кытайдын тагдырлаш коомчулугун курууга умтулуубузду дагы бир ирет ырастап, эки тараптуу мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачтык.
Биринчиден, бул мамилелер өз ара ишенимге негизделип, бири-бирин жогорку деңгээлде колдоо менен айырмаланат.
Эки тарап тең мамлекеттик эгемендүүлүктү, көз карандысыздыкты жана аймактык бүтүндүктү коргоо маселесинде бири-бирин дайыма колдоп келет. Ошондой эле улуттук өнүгүүгө байланыштуу саясий чечимдерди өз ара колдойт. Биздин өлкөлөр коңшу мамлекеттердин ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелердин үлгүсү болуп саналат.
Өткөн жылы президент Садыр Жапаров экөөбүз үч жолу жолугуштук. Жетекчилердин ортосунда түзүлгөн ишенимдүү кызматташтык жана жеке достук эки мамлекеттин мамилелеринин тез жана динамикалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.
Экинчиден, бул мамилелер жалпы кызыкчылыктарга негизделип, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Экономика жаатында Кыргызстан менен Кытайдын бири-бирин толуктаган артыкчылыктары жана кызматташуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Дүйнөлүк экономиканын өсүшү жайлап турганына карабастан, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык туруктуулукту сактоо менен ишенимдүү өсүү динамикасын көрсөтүүдө.
Кытай көп жылдан бери Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү жана чет өлкөлүк инвестору болуп келет. Кытайда чыгарылган смартфондор жана электромобилдер кыргызстандык керектөөчүлөр арасында кеңири популярдуулукка ээ болууда. Ал эми Кыргызстандын сапаттуу айыл чарба продукциялары барган сайын Кытайдагы миллиондогон үй-бүлөлөрдүн дасторконуна жетүүдө.
Элге узак мөөнөттүү пайда алып келе турган бир катар биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошууда.
Кыргызстанда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат, “Бедел” өткөрмө пункту убактылуу иштей баштады, эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарынын саны тынымсыз өсүүдө. Инфраструктуралык байланыштын көп деңгээлдүү жана мультимодалдык тармагы да улам өркүндөп жатат.
Үчүнчүдөн, бул мамилелер элдин жакындашуусуна негизделип, маданий-гуманитардык тыгыз байланыштар аркылуу ишке ашууда.
Акыркы жылдары Кыргызстанда ачылган Лу Бан чеберканасы, төрт Конфуций институту жана 21 Конфуций классы кытай тилин үйрөнүүгө жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга кызыккан жергиликтүү тургундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.
Саламаттык сактоо тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын көрүнүктүү натыйжалары “Ден соолук экспресси — жаркын саякат” акциясы жана салттуу кытай медицинасынын борбору аркылуу барган сайын Кыргызстандын көптөгөн жарандарына жетүүдө.
Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө келишимге кол коюу, өз ара Маданият күндөрүн өткөрүү, кинофестивалдарды жана искусство фестивалдарын уюштуруу, “Манас” эпосун жана башка дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана жайылтуу боюнча биргелешкен иштер — мунун баары эки элдин бири-биринин ажайып маданиятын жакындан таанып-билүүсүнө шарт түзүүдө.
Өткөн жылы эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларынын саны 400 миңден ашты. Облустар жана шаарлардын деңгээлинде 30 боордош шаарлардын ортосунда тыгыз байланыштар түзүлдү. Кыргыз-кытай көп кылымдык достугунун пайдубалы улам бекемделүүдө.
Төртүнчүдөн, бул мамилелер адилеттүүлүккө негизделип, жалпы коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип каршы туруу аркылуу бекемделүүдө.
Кыргызстан менен Кытайды жалпы тоолор жана дарыялар байланыштырып турат. Эки өлкө кандай гана сыноо болбосун, бири-бирине таянуу менен аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоодо.
Шанхай кызматташтык уюмунун негиздөөчү мамлекеттери жана Глобалдык түштүк өлкөлөрү катары эки мамлекет эл аралык адилеттүүлүктү коргоо, ачык жана инклюзивдүү өнүгүүгө көмөктөшүү маселелеринде окшош позицияларды карманат.
Дүйнөдө жана аймакта кырдаал татаал жана өзгөрүлмө болуп турган шартта биз көп тараптуу кызматташтыкты тыгыз жүргүзүп, маанилүү демилгелерди илгерилетүүдө бири-бирибизди жигердүү колдоп келебиз. Биргелешкен күч-аракеттер менен дүйнөнүн тең укуктуу жана тартиптүү көп уюлдуу түзүлүшүнө, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү жана инклюзивдүү экономикалык ааламдашууга өбөлгө түзүп жатабыз.
Быйыл Кытай коммунисттик партиясынын түзүлгөнүнө 105 жыл толуп, Кытайда 15 жылдык пландын ишке ашырылышы башталууда. Кытай коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында кытай эли ишенимдүү кадам таштап, талыкпай эмгектенип, кубаттуу модернизацияланган социалисттик мамлекетти ар тараптан куруу жана кытай улутунун улуу кайра жаралуусун ишке ашыруу сыяктуу улуу максаттарга карай чечкиндүү бара жатат.
Кыргызстанда 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы толук кандуу ишке ашырылып, “жаңы Кыргызстанды” куруу иши ар тараптан илгерилетилүүдө.
Жаңы тарыхый башатта турган учурда биз эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн Кытай менен Кыргызстандын тагдырлаш коомчулугун калыптандыруу боюнча талыкпай иштешибиз керек. Ошону менен бирге аймакта жана дүйнө жүзүндө тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоо ишине көбүрөк салым кошууга тийишпиз.
Жакшы коңшулукту жана достукту бекемдөө зарыл.
Туугандар бири-бирине жакшылык каалайт, коңшулар да бири-бирине жакшылык каалайт. Кытай менен Кыргызстан мындан ары да бири-биринин өнүгүүсүнө таяныч болуп, жогорку деңгээлдеги байланыштардын жана ар кыл деңгээлдеги кызматташтыктын жакшы динамикасын сактап, өнүгүү стратегияларын айкалыштыруу боюнча иштерди активдештирип, мамлекеттик башкаруу жаатындагы тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө тийиш.
Бул биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн ишенимдүү шарттарды түзөт. Кытай мындан ары да өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүсүнө жана калктын бакубаттуулугун жакшыртуусуна жардам көрсөтүүгө даяр.
Өз ара пайдалуулукка умтулууну ырааттуу улантуу зарыл.
Өз ара пайдалуулук — кызматташтыктын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги ачкычы. Узак мөөнөттүү келечекти көздөп, “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагындагы сапаттуу кызматташтыкты негизги багыт кылып, практикалык өз ара аракеттенүүнүн мазмунун жана деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү маанилүү.
Соода жана инвестиция, инфраструктуралык байланыш, жашыл минералдар сыяктуу салттуу багыттардагы кызматташтыкты бекемдөө менен катар санариптик экономика, таза энергетика жана жасалма интеллект сыяктуу жаңыдан өнүгүп келе жаткан тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү зарыл.
“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун долбоорун алдыга жылдырып, өткөрмө пункттарды модернизациялоо иштерин тездетүү керек. Ошол эле учурда адамдардын жана жүктөрдүн үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында инфраструктуралык байланыш менен катар эрежелерди жана стандарттарды өз ара шайкеш келтирүү багытындагы иштерди да күчөтүү зарыл.
Салттуу достукту мындан ары да бекемдөө зарыл.
Бул — биздин жалпы байлыгыбыз. Маданият, туризм жана искусство, жалпыга маалымдоо каражаттары, аналитикалык борборлор жана жаштар багытындагы, ошондой эле археология жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетип, маданий-гуманитардык байланыштарды ар тараптуу чыңдоо керек.
Жаш студенттердин эки өлкөдө бири-биринин билим берүү мекемелеринде билим алуусуна көбүрөөк шарт түзүп, аймактар аралык байланыштарды активдештирүүнү колдоо зарыл.
Кыргызстан менен Кытайдын достугу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы тууралуу окуяларды таасирдүү жана ишенимдүү баяндап, эки элдин жакындашуусунун пайдубалын мындан ары бекемдөө маанилүү.
Көп тараптуу мамилелерди ишке ашыруу зарыл.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө биринчи жолу шайланышы — чындап кубанычтуу окуя жана эки тараптуу кызматташтыкты БУУнун алкагында мындан ары тереңдетүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Бул мүмкүнчүлүктү БУУнун борбордук ролуна негизделген дүйнөлүк түзүлүштү жана эл аралык укукка таянган дүйнөлүк тартипти коргоо, адамзаттын тагдырлаш коомчулугун куруу концепциясын жана төрт глобалдык демилгени ишке ашыруу, гегемонизмге, бир тараптуу аракеттерге жана блоктук тирешүүгө чечкиндүү каршы туруу, “үч жамандык күчүнө” каршы күрөштө биригүү, дүйнөлүк башкаруунун кыйла адилеттүү жана рационалдуу системасын калыптандырууга көмөктөшүү үчүн пайдалануу зарыл.
Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөндөн бери 25 жыл аралыгында “Шанхай рухун”, атап айтканда өз ара ишеним, өз ара пайдалуулук, теңдик, өз ара консультациялар, маданияттардын ар түрдүүлүгүн урматтоо жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуу принциптерин өнүктүрүп жана ишке ашырып, аймактык кызматташтыктын жаңы моделин калыптандырды.
Бул модель коңшу мамлекеттердин ортосунда блок түзбөстөн өнөктөштүккө, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн коопсуздук менен туруктуулукту биргелешип камсыз кылууга негизделет. ШКУ аймактын камтуу аянты, калкынын саны жана өнүгүү потенциалы боюнча дүйнөдөгү эң ири универсалдуу аймактык уюмга айланды.
Кыргызстан төрагалык кылган учурда “Туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге” деген ураандын алдында мүчө мамлекеттердин ортосундагы консенсусту бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн зор жана жемиштүү иштерди аткарды. Бул жогорку баага татыктуу.
Биргелешкен аракеттердин натыйжасында Бишкек саммити сөзсүз түрдө ийгиликтүү өтүп, “Шанхай рухун” мындан ары өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө, ошондой эле ШКУнун тагдырлаш коомчулугун калыптандырууга жаңы дем берет деп ишенем.
Кыргыз элинде “Тамчыдан көл жаралат” деген сөз бар. Элибиздеги байыртадан берки “Майда булактарсыз чоң деңиз болбойт” деген кеп бекеринен айтылбайт.
Биз кыргызстандык досторубуз менен бирге ар тараптуу кызматташтыкты кадам сайын алдыга жылдырууга даярбыз. Эки элдин достугунун көптөгөн майда булактары биригип, эки өлкөнүн достугу чоң деңизге айланышы үчүн биргеликте аракет кылып, эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлде өнүгүүсүнүн жаңы горизонтторун кол кармашып ачууга умтулабыз".
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет.
Ошондой эле Кытайдын төрагасы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышат.