Кыргызстан жана Албания экономикалык байланыштарды активдештирет

Экономика Загрузка... 23 Апрель 2026 09:00
IMG_7403.jpg

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Албаниянын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеж менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар өз өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүү тенденциялары жана артыкчылыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ишкердикти колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Бакыт Сыдыков экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүү, кош салык салуудан качуу, туризм тармагында кызматташуу маселелерин иштеп чыгууну сунуштады.

Элчи экономикалык байланыштарды активдештирүү жана келишимдик базаны өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечектүү тармактарын белгиледи.

IMG_7389