Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн өз күчү жана каражаты менен ири Тоголок алтын кени өздөштүрүлө баштады. Долбоорду "Кумтөр Голд Компанинин" туунду ишканасы – "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишке ашырууда.
Ишканадан билдиришкендей, кен деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте, жетүүгө кыйын болгон катаал Ак-Шыйрак тоо кыркаларында жайгашкандыктан, ачылгандан бери жарым кылым бою иштетилбей келген.
"Учурда карьерде кыртышты ачуу иштери кызуу жүрүүдө. Алдыдагы 1-1,5 айдын ичинде алгачкы алтындын коруна жетүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аз убакытта кууш жолдор кеңейтилип, жаңы көпүрө салынды. Кенчилер үчүн 85 орундуу заманбап модулдук жатакана курулуп, карьер үчүн ири самосвалдар, экскаваторлор жана атайын техникалар сатып алынды.
Алтын ылгоочу фабриканы, жумушчулардын шаарчасын жана калдык сактоочу жайды нөлдөн баштап куруу үчүн эл аралык сынак өткөн. Жыйынтыгында дүйнөлүк тажрыйбасы бар кытайлык "Нерин Инжениринг" компаниясы тандалып алынып, 2026-жылдын апрелинде келишимге кол коюлган.
"Толугу менен ички каржылоонун негизинде иштеп жаткан Тоголок кени жакынкы арада Кыргызстандын экономикасынын негизги каржы булактарынын бирине айланмакчы", - деп белгилешти ишканадан.