Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын соттук эксперттери Түркиянын Анталия шаарында өткөн "Соттук медицина күндөрү" XXI эл аралык конгрессине катышып, өлкөдөгү соттук экспертиза тармагындагы реформалар тууралуу маалымат беришти.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, Соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Талантбек Кожонов баштаган делегация катышкан жыйынга 40 өлкөдөн 1150гө жакын эксперт, окумуштуу жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чогулду.
Конгрессте соттук токсикология, генетика, санариптик криминалистика, жасалма интеллект жана массалык кырсыктарда курман болгондорду аныктоо боюнча 28 илимий сессия өттү.
Талантбек Кожонов Кыргызстандын соттук-эксперттик системасынын өнүгүшү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана аны модернизациялоо боюнча пландар тууралуу баяндама жасады. Анын ичинде эксперттик иштерди санариптештирүүгө, мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана экспертизанын түрлөрүн кеңейтүүгө көңүл бурулду.
Ошондой эле мамлекеттик эмес эксперттик ишти өнүктүрүү, Сот эксперттеринин палатасын түзүү жана адистерди даярдоо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы тааныштырылды.
Конгресс кесиптик тажрыйба алмашууга жана соттук экспертиза жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө шарт түздү.