Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык жактан коргоого алынган жарандардын айрым категориясын колдоону күчөтүү максатында ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкты.
Эмгек министрлиги социалдык колдоону күчөтүү максатында Афганистан аймагында согуш аракеттеринин катышуучуларына жана Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмүн жогорулатууну караган тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкты.
Бүгүнкү күндө долбоор тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга жиберилген.
Ошентип, ченемдик укуктук акты кабыл алынган учурда Афганистандын аймагында согуш аракеттеринин катышуучулары жана Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү 2025-жылдын 1-январынан тартып кайра эсептелип берилет.
Мамлекеттик колдоонун бул ченеми табигый төмөндөөдөн улам жыл сайын азайып бараткан, Афганистан согушуна жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кам көрүү максатында кабыл алынган.