Кыргызстан Сиандан логистикалык-транспорттук борбор куруу үчүн жер сатып алууда

Экономика 26 Август 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-08-26 at 12.37.47.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.08.26 /Кабар/. Кыргызстан Кытайдагы соода борбору болгон Сиань шаарынан логистикалык-транспорттук борбор куруу үчүн 9 гектар жер сатып алууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, сатылып алынган жер мындан ары Кыргызстандыкы болот. Борбордун курулушу болжол менен сентябрь айынын аягында аяктайт.

“Кытай, Сингапур сыяктуу өлкөлөр мындай тажрыйбаны колдонуу менен жерлерин берип, биргелешкен ишканаларды түзүп өнүгүп жатышат. Мындай жерлерге инвестиция дагы көбүрөк тартылат. Себеби, ижарага болгондо инвесторлордун кызыгуусу азырак болот. Андыктан, Кыргызстан жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болууда. Экономикалык жактан пайдасы көп болот. Товар ташуу тармагына жакшы система түзүлүп жатат.
Мындай борборду 2024-жылы Казакстан курган. Алар товар ташып жатышат. Болжол менен 4,5 гектардай жерди сатып алышкан.
Кытайдан Кыргызстанга келе турган товарлардын баары буга чейин ар кайсы жерге чогулуп, ар кандай жолдор менен келсе, эми алдыда курула турган логистикалык-транспорттук борбору аркылуу келип турат. Андан сырткары, товарлар Кыргызстанга келип, андан ары башка өлкөлөргө жөнөтүлүп турат.
Азыр мультимодалдык (жүк ташуучу унаалар) жол менен ташылып турса, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу аяктагандан кийин ошол темир жол аркылуу келип турат”,-деди саясат таануучу.