Кыргызстан Россиядан энергетикалык жабдууларды түз ала баштайт

Экономика Загрузка... 07 Апрель 2026 13:03
cb769e86-d381-4382-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Россия энергетикалык жабдууларды ортомчуларсыз, түз жеткирүү боюнча келишти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев "Гидроэнергетика – Борбор Азия жана Каспий" эл аралык конгрессинде билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн тийиштүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн бул макулдашуу түздөн-түз өндүрүүчү ишканалар менен байланыш түзүүгө багытталган.

"Бул кадам продукциянын баасын кымбаттатып жиберген ортомчу түзүмдөрдү жеткирүү чынжырчасынан чыгарып салууга мүмкүндүк берет", — деди министр.

Министр ата мекендик энергетикалык компаниялар эми заводдор менен түз жана узак мөөнөттүү контракттарды түзө аларын баса белгиледи. Мындай ыкма бааларды туруктуу кармоого, жабдуулардын сапатын көзөмөлдөөгө жана жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга жол ачат.

Мындан тышкары, Таалайбек Ибраев Кыргызстанда жаңы практика электр энергиясын өчүрбөстөн оңдоо иштерин жүргүзүү же "чыңалуу астында иштөө" ыкмасы киргизилип жатканын кабарлады.

Бул максатта Татарстандын энергетикалык компаниясы менен келишим түзүлүп, кыргызстандык адистер тиешелүү окуудан өтүштү. Министр белгилегендей, бул жаңы технология пландуу жана авариялык иштерди жарыкты өчүрбөй туруп аткарууга шарт түзөт. Бул өзгөчө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керек болгон социалдык объекттер үчүн өтө маанилүү.

Келечекте өлкөдө атайын окуу-практикалык аянтчаларды түзүү жана "чыңалуу астында" иштей алган атайын бригадаларды калыптандыруу пландалууда.