Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун расмий ачылыш аземине катышты.
Агенттиктен билдиришкендей, форум XII Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясынын алкагында уюштурулду.
Форумдун ачылыш аземи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Россия президенти Владимир Путиндин видео кайрылуулары менен башталды. Ошондой эле форумдун катышуучуларына Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзү менен кайрылды.
Кыргыз-Россия экономикалык форуму эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү жана ишкердик байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулоочу маанилүү аянтчалардын бири болуп саналат.
Форумга Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, аймактык администрациялардын, бизнес-коомчулуктун жана алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү катышууда.