Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1 млрд долларга жетти

Экономика 16 апрель 2026 17:00
image11.jpg
image1 (1).jpg
image2 (1).jpg
image3 (1).jpg
image4 (1).jpg
image5 (1).jpg
image6 (1).jpg
image7 (1).jpg
image8 (1).jpg
image9 (1).jpg
image10.jpg
Алдыга
Артка
image11.jpg
image1 (1).jpg
image2 (1).jpg
image3 (1).jpg
image4 (1).jpg
image5 (1).jpg
image6 (1).jpg
image7 (1).jpg
image8 (1).jpg
image9 (1).jpg
image10.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир алмашты.

Марлен Маматалиев чек аралардын такталышы соода-экономикалык байланыштарды күчтөндүрүүгө чоң түрткү бергенин белгиледи. 

Өз кезегинде Танзила Нарбаева маданий-гуманитардык жаатта алгылыктуу байланыштар калыптанганын айтып, акыркы жылдары эки эл бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатканын жүйө келтирди.

Жолугушууда тараптар өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд АКШ долларына чейин көтөрүлгөндүгүн баса белгилешти.