Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 айда $440 млн түздү

Экономика 29 Июль 2026 12:30
759059085_2256789955095387_4903240992654854909_n (1).jpg
758117865_1945967599429780_2114414574019834953_n.jpg
758854701_1541543584169493_3308396604601607850_n.jpg
Алдыга
Артка
759059085_2256789955095387_4903240992654854909_n (1).jpg
758117865_1945967599429780_2114414574019834953_n.jpg
758854701_1541543584169493_3308396604601607850_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Кыргызстан — Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода” аттуу Кыргыз-Өзбек бизнес форумунда кызматташуунун келечектүү багыттарын атады.

Министрдин айтымында, ага оор өнөр жай, машина куруу, фармацевтика тармактары, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү кирет.

“Биздин жалпы максатыбыз — салттуу соодадан терең өнөр жай кооперациясына өтүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактык жана дүйнөлүк рыноктордо атаандаша ала турган заманбап өндүрүштөрдү түзүү”, — деп белгиледи министр.

Ошондой эле форумда өндүрүштү жергиликтештирүү, автокомпоненттерди биргелешип чыгаруу, заманбап технологиялар менен алмашуу жана ички рынокко жана экспортко багытталган өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 440,8 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 33,3 пайызга өстү.

Импорт 336,5 млн АКШ долларына жетип, 1,7 эсеге көбөйдү. Экспорт 20,3 пайызга кыскарып, 104,3 млн АКШ долларын түздү.