Маданияттан технологияга чейин. Кыргызстан менен Япония кызматташтыгы кеңейүүдө

Коом 953 18 Апрель 2025 16:56
489927597_1114029107433428_2541594449132187645_n.jpg
491705731_1114029110766761_244303093527592072_n.jpg
491355311_1114029167433422_3539505340211801360_n.jpg
492002996_1114029117433427_5123501288281347534_n.jpg
Алдыга
Артка
489927597_1114029107433428_2541594449132187645_n.jpg
491705731_1114029110766761_244303093527592072_n.jpg
491355311_1114029167433422_3539505340211801360_n.jpg
492002996_1114029117433427_5123501288281347534_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 18.04.25 /Кабар/. Бүгүн Токио шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Япониянын коргоо министри жана парламентинин депутаттары менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда инвестиция, билим берүү, маалыматтык технологиялар, маданий-гуманитардык кызматташуу, энергетика тармагын өнүктүрүү, эмгек миграциясы жана жарандарды социалдык коргоо жана санариптик технологиялар жаатында кесипкөйлөрдү даярдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, кыргыз тарап өлкөдө ГЭСтерди куруу жана модернизациялоо боюнча пландар тууралуу маалымдап, гидроэнергетиканы туруктуу өсүштүн артыкчылыктуу багыты катары белгиледи.

Ал эми япон тарап бул тармактагы долбоорлорго инвестициялык жана технологиялык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык диалогду бекемдөөгө, туруктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү тастыкташты",-деп айтылат маалыматта.