Кыргызстан менен Япония миграция жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет

Коом Загрузка... 18 Апрель 2025 09:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Күн мурун Токио шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Япониянын саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык министри Ники Хиробуми менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар белгилүү көндүмдөргө ээ чет элдик жумушчуларды тартуу программасынын (SSW) учурдагы ишке ашырылышын талкуулап, уюшкан эмгек миграциясынын туруктуу каналдарын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кыргыз тарап Япониянын талаптарына ылайык эмгек ресурстарын сапаттуу тандоо жана даярдоого даяр экендигин билдирди.

Кызматташтыктын багыттарын кеңейтүү, анын ичинде медициналык тейлөө тармагына кыргызстандык адистердин катышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстан SSW программасынын алкагында жаңы жумушка орноштуруу багыттарын ачуу маселесин кароону сунуштады.

Эки тарап тең эмгек миграциясынын этикалык, ачык-айкын жана туруктуу системасын түзүү ниеттерин билдиришип, бул системанын эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарын жана өз ара урматтоону эске алуу менен курулушу керектигин белгилешти.