Кыргызстан менен Румыниянын ортосунда кош салык жоюлушу мүмкүн

Экономика Загрузка... 27 Февраль 2026 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. 23-26-февралда Бухарест шаарында Кыргызстан менен Румыниянын расмий делегацияларынын ортосунда салыктык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар киреше салыгы боюнча кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу макулдашуунун долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашты.

"Бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Макулдашуунун долбоору ар бир тараптын мыйзамдарында каралган бардык зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандан кийин кол коюлат.

Түзүлүп жаткан макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине карата кош салык салууну жоюу болуп саналат. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Белгилей кетүүчү жагдай, кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуулар Кыргызстандын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралат.

Мындан тышкары, документ бир мамлекеттин резиденттерин экинчи келишим түзгөн мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктарды төлөөдөн качууну жана пакулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.