Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда бизнес-сапарларды уюштуруу маселеси талкууланды

Экономика 1263 06 Март 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-03-04 at 16.40.33_4d5335e2.jpg
WhatsApp Image 2025-03-04 at 16.40.32_fe04cd86.jpg
WhatsApp Image 2025-03-04 at 16.40.32_820da67d.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-04 at 16.40.33_4d5335e2.jpg
WhatsApp Image 2025-03-04 at 16.40.32_fe04cd86.jpg
WhatsApp Image 2025-03-04 at 16.40.32_820da67d.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын (NCCIM)  президенти Н.Гобалакришнан менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда бизнес-сапарларды уюштуруу жана соода-инвестицияларды илгерилетүү, анын ичинде  айыл чарба, энергетика, тоо-кен өндүрүшү жана IT тармактарына басым жасоо менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пландар талкууланды.

Мындан тышкары, NCCIM менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда түз кызматташтыкты түзүү маселелери да каралды.