Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кыргыз-кытай инвестициялык форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 300 млн доллардан ашкан макулдашууларга, меморандумдарга жана коммерциялык келишимдерге кол коюлду.
Форумга Кытайдын 150дөн ашык компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Жетишилген макулдашуулар медициналык туризм, туризм, инфраструктура, электр жана жылуулук энергетикасы, мунай-газ тармагы, шаардык суу чарбасы жана агроөнөр жай комплекси сыяктуу багыттарды камтыйт.

Атап айтканда, төмөнкү документтерге кол коюлду:
- "Baytik Mountain Resort" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашуу;
- КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Гонконг соода-өнөр жай палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы менен Jiangsu Yikewang Energy Technology Co., Ltd. компаниясынын ортосунда электр жана жылуулук энергетикасы тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- "Кыргызнефтегаз" ААК менен Синьцзяндын Борбор Азия мунай-газ компаниясынын ортосунда мунай-газ тармагындагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Бишкек мэриясы менен Henan Water Construction Co., Ltd. компаниясынын ортосунда шаардык суу чарбасы боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААК менен Shandong Jinxian Investment Management Co., Ltd. компаниясынын ортосунда инвестицияларды башкаруу боюнча келишим;
- "Шанхай булут падышалыгы" комплексин куруу боюнча меморандум;
- "Жемчужный берег" шаарчасын куруу боюнча меморандум;
- "Тез Жол" ЖЧК менен China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын ортосунда келишим;
- "Берекет Консалт" ЖЧК менен Beijing Zumsun Ropeway Engineering Technology Co., Ltd. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
- ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоорлорду коштоо боюнча аймактык борбор, Beijing Hang Liang жана China State Construction Engineering Corporation Design Research Institute Co., Ltd. ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
- "Данай" ЖЧК менен Fujian RAYSCO Medical Technology компаниясынын ортосунда рак ооруларын протондук жана нур терапиясы менен дарылоо борборун түзүү долбоору боюнча алкактык келишим;
- "Кыргыз почтасы" ААК менен "Кашкар Фэнсин соода компаниясы" ЖЧКсынын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим;
- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен China Road and Bridge Corporation компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим.
Белгилей кетсек, кыргыз-кытай инвестициялык форуму Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларынын алкагында өттү.