Кыргызстан менен Кытайга Өнөр жай кооперация борборун түзүү сунушталды

Экономика 28 август 2026 14:00
IMG_5443_xswcylJ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев кыргыз-кытай инвестициялык форумунда эки өлкөгө Өнөр жай кооперация борборун түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, борбордун негизги милдети — ишенимдүү өнөктөштөрдү аныктоо жана долбоорлорду түзүмдөштүрүүдөн баштап, инвестиция тартуу жана өндүрүштү ишке киргизүүгө чейинки биргелешкен долбоорлорго практикалык колдоо көрсөтүү болмокчу.

Темир Сариев ошондой эле жакынкы 2-3 жылда Кыргызстанда кытайлык инвестиция жана технологиялардын негизинде кыргызстандык өнөктөштөр менен 100 жогорку технологиялуу ишкана түзүүнү сунуштады. Анын белгилешинче, бул демилге болжол менен 1 миң жумуш орунун түзүүгө жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Ал кытайлык ишкерлерди Кыргызстанды 7,5 млн калкы бар рынок катары гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин жана Борбор Азиянын рынокторуна чыгуу үчүн аянтча катары кароого чакырды.

"Биргелешкен долбоорлор үчүн айыл чарба продукциясын өндүрүү, жогорку технологиялуу жеңил өнөр жай, машина куруу, курулуш материалдарын чыгаруу, "жашыл" энергетика, электроника, санариптик технологиялар жана жасалма интеллект перспективдүү багыттар", - деп белгиледи ал.