Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы жаңы деңгээлге чыгат – Сыдыков — Кабар

Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы жаңы деңгээлге чыгат – Сыдыков

Экономика 31 август 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-08-31 at 17.09.24.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-кытай алакасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Сыдыков белгилегендей, эки мамлекет ортосунда биргелешип ишке ашырылып жаткан көптөгөн долбоорлор бар. Учурда соода жана инвестициялар боюнча келишимдин үстүндө иштер жүрүүдө.

"Бул абдан кызыктуу жана ошол эле учурда абдан маанилүү келишим болот деп эсептейм. Анткени ал эки өлкөнүн компаниялары менен ишканаларына Кытайда жана Кыргызстанда өз ара иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт. Менимче, бул негизги жетишкендиктердин бири болот.
Ошондой эле бүгүн бир катар келишимдерге кол коюлду. Экономика министрлиги бир нече келишимдерге кол коюуга жетишти. Анын ичинде бажы, чек ара жана башка тармактарда бир катар макулдашуулар бар", - деди министр.