Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йоркто өткөн жетинчи Каспий бизнес-форумунда Ортоңку коридордун инвестициялык жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Ал Ортоңку коридор Азия менен Европанын ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого шарт түзөрүн айтты.
Министр Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун өнүктүрүүгө, аны башка аймактык каттамдар менен интеграциялоого, ошондой эле чек ара жана бажы жол-жоболорун жакшыртып, соода процесстерин санариптештирүүгө көңүл бурду.
Сыдыковдун айтымында, Ортоңку коридорду транзиттик каттамдан тышкары инвестиция жана заманбап технологияларды тартуучу механизм катары өнүктүрүү зарыл.
Ортоңку коридор (расмий аталышы — Транскаспий эл аралык транспорт багыты) — Кытайды Борбор Азия, Кавказ жана Каспий деңизи аркылуу Европа менен байланыштырган стратегиялык соода жана транспорт жолу.