Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Египеттин премьер-министринин орун басары Хуссейн Эйсса менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 1-сентябрда Египеттин өкүлүнүн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында өттү.
Тараптар өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн түз байланыштарын кеңейтүүгө жана инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле өнөр жай, айыл чарба, энергетика, туризм жана фармацевтика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын ноябрында Египетке болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга бурулду.
Мындан тышкары, кыргыз-египет өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүү жана эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маанилүү экени белгиленди.