Кыргызстан менен Кытай 430 млн долларлык долбоорго старт берди

Экономика Загрузка... 20 Май 2026 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Алай районундагы Нура айылында Кыргызстандын энергетика жана логистика тармагындагы ири стратегиялык долбоордун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Салтанатка катышкан министрдин орун басары Салават Садыракунов долбоор "Кыргызкөмүр" ААК менен Кытайдын Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., Ltd компаниясынын өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жатканын белгиледи. Жалпы инвестиция көлөмү 430 млн долларды түзөт. Алгачкы этапка 50 млн доллар бөлүндү.

Долбоордун алкагында Нура айылында 10 гектар аянтка заманбап логистикалык борбор курулат. Анын курамында көмүрдү байытуучу эки фабрика иштейт. Ошондой эле Текелик кенинен "Эркечтам" өткөрмө пунктуна чейин көмүр ташуучу ленталуу конвейер курулат. Алгачкы этапта 7,7 чакырым курулса, кийинки этаптарда жалпы узундугу 157 чакырымга жетет.

Жаңы заманбап система Текелик кенинен казылган көмүрдү Кытайга экспорттоону жеңилдетип, ташуу чыгымдарын азайтат. Көмүр ташуу кубаттуулугу жылына 10 млн тоннага чейин жеткирилет. Долбоор толук кубаттуулугунда ишке киргенде 100дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлүп, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйөт.

Учурда чек ара аркылуу долбоорго керектүү техникаларды "жашыл коридор" режими менен өткөрүү иштери камсыздалууда.