Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бүгүн Сеул шаарында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйыны өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргызстан менен Кореянын өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттары талкууланды.
Тараптар Кыргызстанда инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду, гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу, бизнес-форумдарды жана бизнес-миссияларды уюштуруу, жашыл экономика, өнөр жай, энергетика, туризм, маданият, спорт багыттары боюнча кызматташуу аркылуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин карашты.
Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, инновациялар, маданият, эмгек миграциясы, айыл чарбасы тармактарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү макулдашылды.