Кыргызстан менен Италиянын парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 11 Февраль 2025 15:45
Сенат.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Сенатынын Эл аралык иштер жана коргоо боюнча комитетинин төрайымы Стефания Кракси менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын октябрында Италияга болгон расмий сапарын жана Жогорку Кеңештин эки палатасынын жетекчилиги менен болгон жолугушууларын канааттануу менен белгилешти.

Парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, элчи Таалай Базарбаев парламенттердин, комитеттердин, депутаттык топтордун жетекчилеринин өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Стефания Кракси активдүү парламенттер аралык кызматташууну улантуу зарылдыгын колдоп, быйылкы жылы комитеттер аркылуу өз ара сапарларды уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.