Кыргызстан менен Германия туристтик өнөктөштүгүн кеңейтүүдө — Кабар

Кыргызстан менен Германия туристтик өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

Экономика 5 март 2026 17:00
IMG_4543 1.png
IMG_5761 2.png
IMG_4541 1.png
IMG_4539 1.png
IMG_4493 1.png
Алдыга
Артка
IMG_4543 1.png
IMG_5761 2.png
IMG_4541 1.png
IMG_4539 1.png
IMG_4493 1.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Күн мурун Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Туризм департаменти Кыргызстан жана Германиянын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Экономика министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Кабыл алууга Германиянын туризм тармагынан 300гө жакын өкүл катышты. Кеченин алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму тууралуу маалыматтар берилди.

"Иш-чара ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын Европа рыногунда мындан ары да жайылтууга шарт түздү", - деп айтылат маалыматта.