Кыргызстан менен Бахрейн соода-инвестициялык кызматташтыкты чыңдоону сүйлөштү

Экономика Загрузка... 06 Февраль 2026 09:55
1.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин өнөр жай жана соода министри Абдулла бин Адель Фахру менен жолукту.

ТИМдин маалыматы боюнча, тараптар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле 24-25-апрелинде Бишкекте өтө турган Борбор Азия өлкөлөрү менен Араб Булуңундагы кызматташтык кеңешинин ортосундагы II инвестициялык форумдун алкагында Бахрейндин бизнес делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселелери сүйлөшүлдү.

Марипов маектешин Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты андан ары бекемдөө максатында Бахрейн делегациясынын башчысы катары Кыргызстанда өтө турган II "Борбор Азия менен Араб Булуңундагы өлкөлөр" форматындагы инвестициялык форумуна жеке катышууга чакырды.

Өз кезегинде Абдулла Фахру Кыргызстанда боло турган инвестициялык форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, ага Бахрейн делегациясы менен биргеликте жеке катышууга аракет кыларын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелерди андан ары илгерилетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишти улантуу жөнүндө макулдашты.