Кыргызстан менен Азербайжан статистика тармагында кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 11:10
WhatsApp Image 2026-08-03 at 11.16.31.jpeg
copyright icon Статистикалык комитет

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын расмий статистика тармагында кызматташууну чыңдоого багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум эки өлкөнүн Статистикалык кызматтарынын ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, меморандум эки өлкөнүн статистикалык органдарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча эл аралык салыштырууга мүмкүн болгон маалымат алмашууну кеңейтүүгө жана расмий статистика жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.

“Документ Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында Кыргызстандын Улуттук статистика комитети менен Азербайжандын мамлекеттик статистика комитетинин ортосунда түзүлдү. Меморандумдун алкагында тараптар эл аралык статистикалык стандарттарды киргизүү, заманбап методологияларды колдонуу, тажрыйба алмашуу, эл аралык техникалык программаларга катышуу, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташмакчы”,- деди Кудайбергенов.

Эскерте кетсек, 30-июлда Азербайжан президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган. Алардын катарында Кыргызстан менен Азербайжан расмий статистика тармагында кызматташууну чыңдоого багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.