Кыргызстан, Казакстан жана Россияда азык-түлүктүн баасы кандай?

Экономика Загрузка... 02 Июнь 2026 17:10
264690ea-f65a-4feb-8303-c1b44f691dc9.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кыргызстан, Казакстан жана Россияда негизги азык-түлүктөргө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда сабиз 3 пайыз, өсүмдүк майы 0,9 пайыз, жергиликтүү ун 0,7 пайызга кымбаттаганы аныкталды.

Ошондой эле кой эти, уй эти жана жумуртка 0,2 пайыз, ал эми күрүч менен нан азыктары 0,1 пайызга бир аз жогорулаган. Муну менен катар, картошканын баасы 4,4 пайызга, сүт жана пияз 0,2 пайызга, кумшекер 0,1 пайызга арзандаганы байкалды.

Казакстанда күрүч 4,4 пайыз, сүт 1,9 пайыз жана бөлкө нан 0,1 пайызга кымбаттаган. Тескерисинче, каймак май 4,4 пайыз, ун 2,7 пайыз, жумуртка 1,6 пайыз, макарон азыктары 1,5 пайыз, картошка, сабиз, пияз жана өсүмдүк майы 1,2-1,4 пайызга арзандаган.

Ал эми Россияда пияз 0,8 пайыз, картошка 0,5 пайыз, сабиз жана кумшекер 0,3 пайызга кымбаттаган. Ал эми жумуртка 0,7 пайыз, кой эти 0,5 пайыз, каймак май жана ун 0,2 пайыз, сүт менен өсүмдүк майы 0,1 пайызга төмөндөгөн.