Кыргызстан кабелдик-өткөргүч өндүрүшүнө инвестиция тартууда

Экономика Загрузка... 25 Март 2026 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте россиялык Прекаб компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандын аймагында кабелдик-өткөргүч өндүрүшүн уюштуруу, анын ичинде буугучтарды (жгут) чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Долбоордун алкагында болжол менен 5 000 чарчы метр аянтты ээлеген өндүрүштүк базаны түзүү жана 200дөн 300гө чейин жаңы жумуш ордун камсыз кылуу пландалууда.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров долбоорду колдоого даяр экенин билдирип, ылайыктуу өндүрүштүк аянт жана жер тилкесин тандоого, ошондой эле консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Компания жүк унаалары жана автобустар үчүн буугучтарды өндүрүү боюнча лидерлердин бири болуп эсептелет.