Кыргызстан Европарламентке реформалардын жүрүшүн жана ЕБ менен кызматташтыктын жаңы демилгелерин тааныштырды

Министрлер кабинети Загрузка... 01 Апрель 2025 16:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бүгүн Страсбург шаарындагы Европарламентте тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация, Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Сириелли, Европарламенттин депутаттары, Европа институттарынын, дипломатиялык корпустун, массалык маалымат каражаттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Минкаб башчысынын орун басары Кыргызстандын акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги жетишкендиктери менен тааныштырып, Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын талкуулоо демилгесин көтөрдү. Соода, туруктуу өнүгүү, суу-энергетика күн тартиби жана климаттык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

3-4-апрелде Самаркандда өтө турган Евробиримдик-Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын деңгээлиндеги биринчи саммитинин алдында кыргыз делегациясы ЕБ менен стратегиялык жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөнү дагы бир жолу ырастады. Кыргызстан Европа кеңешинин төрагасы Антонио Кошта менен Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейендин бул маанилүү иш-чарага катышуусун кубаттайт.

31-мартта Борбордук Азиянын тарыхый үч тараптуу саммити – Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлеринин Ходжент шаарында өткөн жолугушуусу, анын жыйынтыгында мамлекет башчылары үч өлкөнүн чек аралары толук макулдашылганын салтанаттуу түрдө жарыялаганы өзгөчө маанилүү. Бул окуя Фергана өрөөнүндө жана бүтүндөй Борбордук Азияда тынчтыктын, достуктун жана бир туугандыктын жаңы доорун белгиледи.

Европарламенттеги талкууда Эдил Байсалов Евробиримдик менен туруктуу координациялоо механизмдерин, анын ичинде аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен инвестициялык фондду же банкты түзүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын климат боюнча демилгелеринин, анын ичинде 2025-жылдын апрель айында Ысык-Көлдө “Глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясын жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар тоо фестивалын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Алдыдагы эки күндүн ичинде Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Европарламенттин бардык парламенттик топтору жана фракциялары үчүн кыргыз-европа кызматташтыгын тереңдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды макулдашуу жана саясий диалогду кеңейтүү брифингдерди өткөрөт.