Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Alpac Capital" компаниясынын башкы директору, эл аралык Euronews телеканалынын директорлор кеңешинин төрагасы Педро Варгас Давид жана "Alpac Capital" компаниясынын инвестициялар боюнча директору Питер Ваджай менен жолугушту.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана артыкчылыктуу тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык потенциалын, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылып жаткан стратегиялык долбоорлорду сунуштады.
"Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө ачыкпыз жана экономиканын туруктуу өнүгүшүнө багытталган инвестициялык демилгелерди колдоого даярбыз", — деп белгиледи Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.