Кыргызстан эл аралык деңгээлде тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча лидерлик позициясын тастыктоодо - Кемелова

Коом Загрузка... 24 Апрель 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-04-24 at 11.58.11.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык деңгээлде тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча лидерлик позициясын тастыктап жатат. Мындай пикирин "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясынын алкагында президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тарабынан демилгеленип өткөрүлүп жаткан бул конференция 2027-жылы өтүүчү “Бишкек+25 экинчи глобалдык тоо саммитинин” бир кадамы.

“Биз бүгүнкү өтүп жаткан конференцияда сунуштарды жыйнап, алдыдагы саммитке Бишкек декларациясын кабыл алууну пландап жатабыз. Андан тышкары, ушул жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алынат. Жылдын аягында ушул резолюцияга биздин сунуштар кирет. Бүгүнкү иш-чаранын дагы бир максаты тоолуу аймактардан келген өкүлдөр менен экология, климаттын өзгөрүүсү боюнча пикир алышып, тажрыйба жана билим алмашуу”, - деди Кемелова.

Динара Кемелова өткөн жумада министрлер кабинетинин буйругу менен тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык жол картасы жаңыртылгандыгын маалымдады.

“Жаңыртылган жол картасындагы жаңы милдеттердин бири алыскы тоолуу аймактарда жашаган элге энергетикалык ресурстардын, ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. Мисалы, өткөн жылы Баткен районунун бийик тоолуу Зардалы айылы электр энергиясы, интернет менен камсыздалып, санариптик кызматтарды алышына шарт түзүлдү.

Андан тышкары, бүгүнкү күндө биз сыймыктана турган дагы бир көрүнүш, калкты телемедицина менен камсыз кылуу. Мында өзгөчө өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган калкка медициналык тейлөө жеткиликтүү болуп, тейлөөнүн натыйжалуулугу жана жеткиликтүүлүгү үчүн жакшы шарт түзүлөт. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын алкагында биздин алдыбызда дагы көп тапшырмалар турат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 50дөн ашуун мамлекеттердин, 30га жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" аталган эл аралык конференция өтүүдө.