Халал стандарттары: Кыргыз аккредитация борбору эл аралык конгресске катышууда — Кабар

Халал стандарттары: Кыргыз аккредитация борбору эл аралык конгресске катышууда

Экономика 7 апрель 2026 13:00
A FAMBRAS Halal Certificadora presente no 1º Congresso Internacional de Credenciamento Halal - O 1.png
Frame 914.png
Алдыга
Артка
A FAMBRAS Halal Certificadora presente no 1º Congresso Internacional de Credenciamento Halal - O 1.png
Frame 914.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Кыргыз аккредитация борборунун директору Айнура Ахмеджанова I Эл аралык халал-аккредитация конгресске (1st International Halal Accreditation Congress) катышууда.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, конгресс 6–8-апрель күндөрү Түркиянын Анкара шаарында өтүүдө.

Бул масштабдуу иш-чара дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген илимпоздорду, индустрия өкүлдөрүн жана мамлекеттик органдарды бириктирген глобалдык платформа болуп эсептелет.

Конгресстин программасынын алкагында:

  • халал сертификаттарын өз ара таануу механизмдери талкууланат;
  • продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун инновациялык ыкмалары изилденет;
  • аккредитация боюнча эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк байланыштар бекемделет.
"Конгресстин негизги максаты бирдиктүү стандарттарды талкуулоо, сертификацияга болгон ишенимди арттыруу жана халал секторун эл аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо"— деп айтылат маалыматта.