Кыргызстан валюта басып чыгаруу менен жогорку технологиялык экспортко чыгууда – экономист

Пикир Загрузка... 27 Март 2026 21:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Өлкөдө өз валютабызды жана документтерибизди басып чыгаруу экономикалык коопсуздуктун жана эгемендүүлүктүн символу. Бул тууралуу экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстандын заманбап тарыхындагы маанилүү бурулуш учурга күбө болуп жатабыз. Улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бул жөн гана өндүрүш эмес, өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн тастыктап турат.

Экономист катары ал бул кадамдын бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи.

Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык.

"Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар жана евро төлөп келген. Эми бул каражаттар сыртка чыкпай, өлкөдө калат. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн эң түз жолу. Акчаны чет өлкөдөн ташып келүүдөгү коопсуздук тобокелдиктери жана транспорттук чыгымдар толугу менен жоюлат", - деди ал.

Ошону менен бирге паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу маанилүү документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бул жарандардын жеке маалыматтарын коргоонун эң жогорку деңгээли.

"Биз мындан ары сырткы камсыздоочулардан көз каранды болбойбуз. Эл аралык тийиштүү сертификаттардын болушу биздин технологиялар жасалмалоого жол бербестигин жана эң жогорку стандарттарга жооп берерин тастыктайт", - дейт Чороев.

Ошондой эле экономист Кыргызстандын башка мамлекеттердин валютасын жана документтерин басып берүү деңгээлине чыгышы бул жогорку технологиялык кызмат көрсөтүүнүн экспорту экенин айтты.

"Биз башка мамлекеттерге сапаттуу, бирок баасы боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат сунуштай алабыз. Бул мамлекеттик бюджетке таза валюталык киреше алып келе турган жаңы тармак болуп калат. Жыйынтыктап айтканда, бул жөн гана басмакана эмес, мамлекеттин өзүнө болгон ишеними жана эл аралык аренадагы жаңы статусу. Биз эми жөн гана керектөөчү эмес, жогорку сапаттагы технологиялык кызматтарды сунуштаган өнөктөш катары чыгып жатабыз", - деди ал.