Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Кыргызстан Африка союзунда байкоочу макамын алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен бирге ЖМКга билдирүү жасап жатып билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, байкоочу макамы быйыл февраль айында берилген.
“Кыргызстан менен Того БУУ, Африка биримдиги сыяктуу эл аралык жана аймактык аянтчаларда кызматташып келе жатат. Кыргызстан тынчтыкты орнотууга, адам укуктарын сыйлоого, өнүгүп келе жаткан жана чакан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүгө өзүнүн салымын кошууга умтулат”, - деп айтты президент.