Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) менен өзүн-өзү толук камсыздоого өтүүгө кудуреттүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө бир нече мунайды кайра иштетүүчү завод иштеп жатат. Алсак, 2028-жылга чейин Кочкор-Атадагы мунай өндүрүүчү заводду модернизациялоону аяктоо пландалууда, буга мамлекет тарабынан 450 млн доллар бюджеттик насыя бөлүнгөн.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары негизги басым чийки мунайды сырттан импорттоп, аны өлкө ичинде кайра иштетүүгө жасалып жатканын белгиледи. Учурда ата мекендик ишканалар мазут жана дизелдик отун чыгарышууда, бирок ички муктаждыкты толугу менен жабууга азыркы көлөм жетишсиз.