Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Экономика Загрузка... 25 Январь 2026 11:51
WhatsApp Image 2026-01-25 at 11.39.15.jpeg

Бишкек, 25.01.26. /Кабар/. Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул чечим 23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында башкаруу кеңешинин 20-сессиясы, ошондой эле фонддун башкаруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынган.

Төрагалык өлкөнүн эл аралык беделин бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана СПЕКА программасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого салым кошууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошондой эле маанилүү чечимдердин бири катары СПЕКА фондун иш жүзүндө ишке киргизүү үчүн зарыл болгон документтердин кабыл алынуусу болду. Аталган фонддун ишмердүүлүгүндөгү багыттардын бири Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу саналат.

Маалымат үчүн: СПЕКА программасынын жетекчи кеңеши жыл сайын чогулуп, программанын жалпы жетекчилигин жүргүзөт. Анын милдеттерине стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо, иш пландарын бекитүү, отчетторду кароо, ошондой эле тематикалык жумушчу топтордун ишмердүүлүгү боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет.