Кыргыз тилиндеги жаңы мультсериалдар жарык көрдү - “Кыргызфильм”

Маданият Загрузка... 20 Февраль 2025 14:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз тилиндеги жаңы мультсериалдарды тартуулайт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы “Карек” балдар киносу фонду менен биргеликте кичинекей көрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн “Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” аттуу кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык мультсериалдарды даярдады.

Бул долбоорлор Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында ишке ашырылды. Мультсериалдар жаш балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана аларга пайдалуу билим берүүгө багытталган.

Тасмалар жакынка арада УТРКнын “Баластан” телеканалы жана киностудиянын “Кыргызфильм анимация” ютуб каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

Маалымат үчүн: “Амантай менен Айтуяк” – 3D анимациялык мультсериалы 8 бөлүмдөн турат жана 1 жаштан 3 жашка чейинки балдар үчүн атайын даярдалган. Сериал жомоктордо жана эпостордо кездешкен канаттуу жылкылардын тукуму болгон кулун менен Амантайдын достугун баяндап, кызыктуу окуялар аркылуу балдарга маанилүү түшүнүктөрдү жеткирет. Мультсериалдын жүрүшүндө бөбөктөр интеллектуалдык оюндар, ырлар жана табышмактар аркылуу түстөрдү, сандарды жана башка негизги билимдерди үйрөнөт.

Анда Айтуяк аттуу кулун асманда адашып, үйүрүнөн бөлүнүп калат. Булут аны жерге түшүргөндө, ал Амантай аттуу бала менен таанышат. Амантай ага адамдардын жашоосу, достук, боорукердик жана үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу түшүндүрөт. Өз кезегинде кулун тазалык, аруулук жана асылдык жөнүндө ой бөлүшөт.

Сериалда балдарга күнүмдүк турмуштагы маанилүү адаттар жана эрежелер дагы үйрөтүлөт. Мисалы: Жол чырактан кантип өтүү керек? Улуулар менен кандай мамиле түзүү керек? Үй-бүлө жана бир туугандык деген эмне? Гигиенанын маанилүүлүгү; Достор менен туура мамиле түзүү өңдүү суроолорго жооп берет.

Белгилей кетсек, сценаристи Токтобек Үсөнов, ал эми режиссёру жана көркөм жетекчиси Айбек Дайырбеков.

Ал эми “Быйтыктар” – 3D анимациялык мультсериалы 12 бөлүмдөн туруп, жаныбарлардын балдарынын образдары аркылуу балдарды дүйнөнү изилдөөгө жана айлана-чөйрөгө кызыгууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, аларды ата-энелери менен активдүү баарлашууга чакырат.

Ар бир эпизоддо каармандар кызыктуу суроолорду талкуулап, ар кандай жоромолдорду айтышат, бирок так жообун таба алышпайт. Аягында алар ата-энесинен сурап, чыныгы жоопту табышат. Бул ыкма балдарды ой жүгүртүүгө, талдоого жана ата-энелери менен сүйлөшүүгө түрткү берет. Мисалы, “шамал кайдан пайда болот?” суроосуна бир каарман “шамалды бак-дарактар жаратат” деп жооп берсе, экинчиси “чоң бирөө бизге үйлөгөндүктөн пайда болот” деп жооруйт. Акыры алар ата-энесинен сурап, туура жообун билишет.

Мультсериалдын дүйнөсү – көп кабаттуу үйдүн короосу, анда балдар күнү бою чогуу ойношот.

  • Барсбек (илбирстин баласы) – кайраттуу, чынчыл, күчтүү жана акылдуу.
  • Татына (бөжөк) – тез жандуу, кыялкеч жана кээде ишенчээк каарман. Китеп окуганды жакшы көрөт, бирок телефонго көп алаксыйт.
  • Элиза (бачики) – сулуу, айлакер жана эстүү. Таранганды жакшы көрөт, мындан улам дайыма жанына косметика жана тарак алып жүрөт.
  • Аюша (мамалак) – жай мүнөздүү, боорукер жана күчтүү. Бардык нерсеге өзүнүн жообу бар. Табиятынан акылдуу жана реалист.
  • Куба (борколдой) – эрке, бейкапар жана унутчаак. Дайыма жаңылат жана эч качан каталарын мойнуна албайт.

“Быйтыктар” анимациялык тасмасынын сценаристтери Салтанат Иманкулова, Асель Иманкулова жана Регина Суранова, режиссёру Айжамал Акчалова.