Балдардын “Алтай жана анын достору” мультсериалы жарык көрдү

Маданият 24 Август 2026 11:20
MyCollages-2026-08-24T104646.905-1-1024x576.webp
WhatsApp Image 2026-08-24 at 11.28.32.jpeg
Алдыга
Артка
MyCollages-2026-08-24T104646.905-1-1024x576.webp
WhatsApp Image 2026-08-24 at 11.28.32.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Балдарга арналган “Алтай жана анын достору” аттуу 2D анимациялык сериалы тартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз тилиндеги бул мультсериал 40 сериядан турат. Ар бир эпизоддун узактыгы 5 мүнөттү түзүп, 1–5 жаштагы балдарга багытталган.

Долбоор Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын буйрутмасы менен "Байрак" продакшн студиясы тарабынан ишке ашырылды. Долбоордун режиссёру — Максат Болотбек.

Мультсериалдын бет ачары бүгүн УТРКнын “Баластан” телеканалында өтөт.