Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бишкектеги Эски аянтта "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 12 атайын унаанын ачкычтарын тапшыруу аземи өттү.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун айтымында, 12 унаанын алтоосун президент белек кылган. Жаңы унаалар дары-дармектерди өз убагында жана сапаттуу жеткирүү үчүн колдонулат.

Министр мурда дарыларды жеткирүүгө жылына 44 млн сом сарпталганын, ал эми жаңы 6 унаа 31 млн сомго алынганын белгиледи. Анын айтымында, бул каражатты үнөмдөөгө жана жеткирүү шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу "Кабар" агенттигине билдиргендей, унаалардын кузову атайын жылуулоочу жабуу менен жабдылган. Мындай кузовдор термобудка деп аталат.

"Автопаркта жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тонналык 5 унаа бар. Алардын ичинен айрымдары рефрижератор менен жабдылган. Рефрижераторлуу унаалар атайын шартта ташууну талап кылган кымбат дарыларды, анын ичинде онкологиялык жана гемодиализ препараттарын жеткирүүгө колдонулат", - деди ал.
Жалпысынан автопаркка 10 тонналык 5, 5 тонналык 4 жана 3 тонналык 3 унаа кирди.

Анын айтымында, унаалар Кыргызстандын бардык аймактарын тейлейт. "Кыргызфармация" 200гө жакын саламаттык сактоо уюмуна кызмат көрсөтөт.
"Бул унаалар мамлекет кепилдеген жана бейтаптарга акысыз берилүүчү дары-дармектерди жеткирет", - деди ишкананын жетекчиси.

Ал мурда ишкананын балансында 19 жылдан бери колдонулуп келген бир гана жүк ташуучу унаа болгонун белгиледи. Эми жаңы унаалардын алтоосу түштүк, алтоосу түндүк аймактарды тейлейт. Зарыл болсо, жазында кошумча унаалар алынары айтылды.