Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Акыркы күндөрү "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун фирмалык дүкөндөрүнүн алдында алтын куймаларын сатып алууну жана сатууну каалаган жарандардын узун кезеги байкалууда.
"Кабар" агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдагандай, суроо-талаптын жогорулугунан улам айрым салмактагы алтын куймалары сатылып бүтүп, жок калган.

Жарандар таң эртеден баштап алтын куймаларын инвестициялык актив катары сатып алуу же болбосо учурдагы баа менен өткөрүү үчүн кезекке турушууда.

Буга чейин алтындын дүйнөлүк рыноктогу баасы рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Ал эми, акыркы күндөрү кайра алтындын баасында бир аз төмөндөө тенденциясы байкалган. Мындай өзгөрүүлөр жарандарды каражаттарын алтын менен үнөмдөөгө же активдерин накталай акчага айлантууга түртүүдө.

Ал эми, "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Арген Жамаев билдиргендей, учурдагы динамика калктын алтынга каражатты сактоо жана инвестициялоо куралы катары кызыгуусу артканын айгинелейт. Рыноктогу түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен компания кошумча фирмалык дүкөн ачты.
"Компаниянын фирмалык дүкөндөрүндө бүгүнкү күндө алтын куймаларын сатуунун көлөмү аларды кайра сатып алуу көлөмүнөн бир топ жогору болууда. Бул тенденция калк тарабынан ишенимдин артканын көрсөтөт. Ошону менен бирге, алтындын баасы LBMA эл аралык биржасынын котировкаларына ылайык белгиленет жана компаниянын ишмердүүлүгүнө көз каранды эмес",-деди адис.
Ишканадан белгилешкендей, калктын өлчөнгөн алтын куймаларына болгон муктаждыгын туруктуу жана өз убагында камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ААКнын фирмалык дүкөндөрү төмөнкү даректерде жайгашкан: Абдымомунова көчөсү, 195 жана Манас проспектиси, 30.
Маалымат үчүн: "Кыргызалтын" ААКнын фирмалык дүкөнү алтын куймаларын сатуу жана аларды кайра сатып алуу менен расмий түрдө алектенет.