Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши өлкөнүн стабилдүү өнүгүүсү үчүн эң чоң жетишкендик. Бул тууралуу Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине ЖКнын мурдагы депутаты Алманбет Матубраимов билдирди.
Анын айтымында, чек ара маселеси эч качан бир тараптын кызыкчылыгына чечилбейт. Сөзсүз түрдө бир жеринен жеңилүү, бир жеринен утуш болот. Маселе туруктуу чечилмейин, эки өлкөнүн чыры улана берет.
“Коңшуң менен деле бакча кимге таандык экени чечилбей турса, күнүгө урушасын. Аны экөөңөр дымактуу чечимге келип чечип коюп, ынтымактуу жашаган жакшы эмеспи. Ошол сыңары эле эки өлкөнүн чек ара маслесин чечип, ынтымактуу, дымактуу жашаганы жакшы. Чек араны чечүүдө алар дагы, биз дагы өзүбүздүн ыңгайыбызга карообуз керек. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө макулдашууга кол коюу эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу өнүүгүсүнө, коопсуздугуна, тынч жашоосуна өбөлгө болот. Мына Камчыбек Ташиевдин зор мээнетинин аркасында бул маселе чечилип аягына чыкканы аз калды. Чек ара маселеси акыркы жылдарда чоң көйгөй болуп, жергиликтүү элдин, жалпы эле мамлекеттик масштабда кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жараткан, айрыкча жергиликтүү тургундардын жашоосуна оорчулуктарды алып келген маселе болчу. Бул абдан жакшы жаңылык, жакшы жетишкендик деп эсептесек болот”,-деди ал.
Ал белгилегендей, чек ара маселесин чечүүдө сын айткан, туура эмес маалымат жеткирген жарандар да болбой койбойт.
“Кемчилиги жок мамлекет болбойт, жаманы жок эл болбойт”, “Кой аксагы менен миң” деген кыргыздын жакшы макалдары бар. Чек ара маселесин чечүүдө сын айткан, туура эмес маалымат жеткирген адамдар сөзсүз түрдө болот. Албетте, бүткөн ишке сындар, талаш-тартыштар сөзсүз болот. Бирок, мен жеке өзүм буга жогору баа берем. Анткени, бул жерде жеке адамдын кызыкчылыгы эмес, мамлекеттин, ошол жердеги жашап жаткан тургундардын кызыкчылыгы жана коопсуздугу каралды. Биз жон эле аларга Достук айылын берип койгон жокпуз да. Анын ордуна биз дагы жер алабыз. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн маселенин чечилгенине алар моюн сунушу керек”,-деди ал.