Индиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Экономика Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 10:35
739616162_1439680218178332_1547349621979562018_n.jpg
740356237_1439680404844980_7924323924832351491_n.jpg
740563028_1439680254844995_1791380144586783736_n.jpg
740712078_1439680341511653_5824740446203204926_n.jpg
740722965_1439680441511643_2658620897994066604_n.jpg
740945051_1439680304844990_4500151716577973150_n.jpg
741510408_1439680371511650_8913263549350446735_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Индиянын бизнес чөйрөсү Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу Индиянын экспорттук уюмдар федерациясы (FIEO) тарабынан уюштурулган ири эл аралык иш-чарага катышты.

Ал Гуджарат жана Махараштра штаттарына болгон сапарынын алкагында индиялык ишкерлер, тармактык ассоциациялар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук потенциалы тааныштырылып, индиялык компаниялар түз ишкердик байланыштарды түзүү үчүн өлкөбүзгө келүүгө чакырылды.

"Индия тарапты Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климат жана өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн колдоо чаралары, Кыргызстанды бизнести өнүктүрүү жана коңшу аймактык ири рынокторго чыгуу үчүн ыңгайлуу платформа катары колдонуу келечеги кызыктырууда", - деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-индия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын мындан ары да активдүү өнүктүрүүнү макулдашты.