Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) рыноктун катышуучулары менен биргеликте жарандарга баалуу металлды санариптик форматта сатып алууга мүмкүндүк берген инвестициялык алтын менен соода кылуунун жаңы механизмин иштеп чыгууда. Бул тууралуу КФБнын уюштурулган рынокторун өнүктүрүү боюнча тегерек столдо биржанын Баалуу металлдар секторунун жетекчиси Алмазбек Каракожаев билдирди.
Анын айтымында, КФБ, "Кыргызалтын" ААК жана Борбордук депозитарийдин ортосундагы үч тараптуу келишимдин алкагында инвестициялык алтын жүгүртүүнүн ачык-айкын системасы түзүлүүдө. "Кыргызалтын" маркет-мейкер катары чыгып, рыноктун ликвиддүүлүгүн колдоп, физикалык алтынды чыгарууну жана сактоону камсыздайт.
Борбордук депозитарий ээлердин укуктарын каттап, операциялардын эсебин жүргүзсө, Кыргыз фондулук биржасы алтынды сатып алуу жана сатуу үчүн соода аянтчасын сунуштайт.

"Бүгүнкү күндө ишенимдүү активдерге болгон кызыгуу өсүп жатканын көрүп турабыз, ал эми алтын салтка айлангандай эле өзгөчө орунду ээлейт. Биздин милдет - рынокко алтын менен иштөөнүн түшүнүктүү жана структуралаштырылган механизмин сунуштоо. Бул жеке жарандарга да, компанияларга да инвестициялык стратегияларын диверсификациялоого (ар түрдүүлүккө) мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Каракожаев.
Ал белгилегендей, жаңы инструмент инвесторлорго алгачкы 12 айдын ичинде кошумча чыгымсыз алтынды сактоого, ал эми зарыл болгон учурда аны биржа аркылуу сатууга же сактоочу жайдан физикалык алтынды алууга мүмкүнчүлүк берет.
Келечекте КФБ инвестициялык алтын менен болгон операцияларды санариптик форматка өткөрүүнү пландаштырууда, бул активди сатып алууну жана башкарууну мобилдик тиркемелер аркылуу жеткиликтүү кылат.
КФБнын өкүлдөрүнүн айтымында, инвестициялык металлдар рыногун өнүктүрүү калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун жана инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн багыттарынын бири болуп калат.