Кыргыз драма театры октябрдагы репертуарын жарыялады

Маданият 6 октябрь 2026 10:25
Кыргыз драма театры октябрдагы репертуарын жарыялады

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 100-сезонунун алкагында октябрь айында көрүүчүлөргө ар түрдүү жанрдагы спектаклдерди тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматына ылайык, октябрь айында театр сахнасында адам тагдырын, турмуштук баалуулуктарды жана коомдук маселелерди чагылдырган чыгармалар коюлат.

20-октябрь

“Төлгө” (Манастын уулу Семетей) Ж.Садыков

21-октябрь

“Абийир кечирбейт” Т.Абдымомунов

22-октябрь

“Чыңгызхандын ак булуту” драма Ч.Айтматов

23-октябрь

“Адам” притча Ж.Садыков

Бардык спектаклдер саат 19:00дө башталат.