Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна баруучулар үчүн акысыз транспорт уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Кырчынга төмөнкү пункттардан акысыз кичи автобустар каттайт:
- Бает айылы - Кырчын;
- Жаркынбай айылы - Кырчын;
- Чолпон-Ата шаарындагы ипподром - Кырчын.
Жалпысынан жүргүнчүлөрдү акысыз ташуу үчүн 300 кичи автобус тартылган.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун уюштурулган акысыз транспорт кызматынан пайдаланууга чакырды.